Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында жайгашкан Ажиев атындагы клубда биринчи жолу кенже кызматкерлерге арналган атайын иш чара болуп өттү. Ага Баетов айыл аймагына караштуу бала бакча, мектеп, балдар билим борбору, тазалык жана башка мекемелерде иштеген 130га жакын кенже кызматкерлер, жетекчилери катышты.

Анда алдыңкы кенже кызматкерлерге райадминстрациянын, айыл өкмөтүнүн жана кесиптик уюмдардын грамоталары тапшырылып, сый тамак берилди.

Баетов айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков
Баетов айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков:
— Өтүлүп жаткан иш-чаранын негизги максаты — бул кенже кызматкерлерге көңүл буруу, аларын эмгегин баалоо, демине дем кошуу. Өзүңөр билгендей, мекемелерде бир аз эмгек акы менен иштешет. Бардык кесип ээлеринин майрамы белгиленип, кенже кызматкерлер унутта калышат. А чынында алардын эмгектери зор. Андыктан жыл сайын ушул күндү (21-январь) Баетовдо кенже кызматкерлер кунү деп белилеп турсакпы деп жатабыз.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Аима
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!