Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебине айыл имамдары келип, «Ыйман, адеп, маданият» жылына карата чогулуш өткөрүштү. Чогулушка 5-11-класстын окуучулар катышты.
Чогулушта имамдар ыймандуу болууга, ата-эненин, мугалимдердин айтканын аткарууга, тартиптүү жүрүүгө чакырды. Азыркы мезгилде балдардын өзүн өзү өлтүрүүгө көп барып жаткандыгынан улам бул боюнча да кеңири сөз болду.

Куу-Майдан айылынын имамы Зухридин Далы уулу «Биз айткан баардык накыл сөздөр окуучулардын аң сезимине жетти деп ойлойм» деген сөзүн айтты.

Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн