Лейлек районуна караштуу Андарак айылында жайгашкан “Байчечекей” балдар бакчасында быйыл жылуулук кандай? Бакчага күнүнө канча көмүр жагылат? Бул туурасында билип көрүү үчүн бакчанын директору менен маек курдук.
“Байчечекей” балдар бакчасынын директору Уулман Каразакованын айтымында, бакчанын ачылганына алты жылдын жүзү болсо дагы ушул убакка чейин бир да ата-эне бакчада суук деп даттанган эмес.

“Быйылкы жылга карата бакчабызга 14 тонна БК көмүрү түшүрүлгөн. Бакчанын бөлмөлөрү аябай жылуу. Көмүр убагында бат-баттан жагылып турат. Бакчанын от казаны да жаңы, ушул убакка чейин бакча суук деп ата-энелерден арыздар түшкөн жок”, — деп айтты Каразакова.

Бакчанын от жаккычы Бакыт Умаров саатына он килограм көмүр жагылаарын айтты.
“Бакчанын бөлмөлөрүндө 22-25 градус жылуулук сакталат. Бөлмөлөрдү мүмкүн болушунча жылытканга аракет кылабыз”, — деди ал.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн