Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтү жыл жыйынтыгын чыгарды. Айыл аймагында эмне иштер аткарылды, кандай пландар коюлуп жатканы боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкери менен маек курдук.
Сумбула айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Абдирайим Жороевге кайрылып, суроолорубузга жооп алдык.
— 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча эсеп 14 991 адамды түздү. Анын ичинен аялдары 7 200, эркектери 7 791. Бул Сумбула айыл аймагы боюнча көрсөткүч болуп саналат. Аймакта 3 228 кожолук катталды. 4 800 бодо мал, анын ичинен 2 390 уй, 14 176 баш кой, 366 баш жылкы, 5 424 үй канаттуулары катталган. Ошондой эле 556 баш ит, 247 баш мышык, 375 баш эшек. Бул көрсөткүч 1-январга карата мал-жандыкты санаганда такталды.
Жороев 2016-жылга пландалган жумуштардын канчасы бүтпөй калгандыгын жана 2017-жылга кандай жумуштар аткарылаары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
— Сумбула айыл өкмөтүндө 23 иш-чара кабыл алынган. Баардыгы эле бүттү. Бүтпөй калган долбоорубуз бар, Ак-Таш суусу. Күн суук болуп калганына байланыштуу бүтпөй калды. Бул иш март айына жылдырылды. 2017-жылдын иш планын айылдык кеңештин депутаттары сессияда бекитип берет, ошонун негизинде иш алып барабыз.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн