Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын тургуну Сайдикрам Бурканов фарель багуу менен алектенет.
Сайдикрам аба фарель багууну эч кимден үйрөгөн эмес. Ал балык багууну бала кезинен бери кыялданып келгенин жана жакындан берип кызыгып балык бага баштаганын айтат.

“Мен бул фарелдерди бакканыма аз эле убакыт болду. Өзүмчө ойлонуп отуруп эле фарель багууну чечтим. Буларды сатпайм деле, кооздук үчүн багып жатам. Айланага өзүнчө бир сонун көрк берет деп ойлойм”, — деди Бурканов.

Балыктардын суусун ар жумада алмаштырып турат. Азыр көлмодө 20дай фарелдери бар.
Даярдаган : Зарина Нурдинали кызы
Тренер: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн