Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын Кеңеш Аматов атындагы көчөсүндөгү көпүрө оңдолду. Мурда бул көчөдө сел кирип үйлөрдү суу каптап кетчү.
Жамгыр катуу жааганынан улам сел келип үйлөргө кирип кетчү. Азыр үйлөргө кирбей тургандай кылып жолдун четин казылып көпүрө курулду. Көпүрө 15 күндө курулуп бүттү.


Көпүрөнү курууга айыл эли 30 миң сом акча чогултуп, аны айылдагы ширетүүчүлөр өздөрү салышты. Кызматы акы үчүн болсо ӨКМ тарабынан ун, майлар бөлүнүп берилди.

Мурда сел Бату айылы менен Арбын айылынын ортосундагы көпүрөнү алып кетип, мындан улам Кеңеш Аматов көчөсүн көп сел каптачу.
Арбын айылынын тургуну Калык Аширматов «эми сел кирбесе керек деп ойлойм» деген ойдо.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Тренер: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн