Ноокат районунун Как айылында үч жылдан бери суу маселеси чечилбей келет. Айыл тургундары сууну сатып ичээрин, малдардын болсо узактан сугараарын айтышты.
Как айылында суу жетишпегендиктен жашоочулар айыл башчыга кайрылышкан. Тургундардын бул маселесин айыл башчы жана өкмөт апрель айынын аягына чейин чечип берүүнү убадалаган.
Арбын айылынын башчысы Асан Кадыров «480 000 тендерден бөлүнгөн, аны Жалал-Абад компаниясы утуп алган. Ушул апрель айынынын аягына чейин чыгарып берүүгө аракет кылабыз» деп билдирди.




Саламат Аширбекова Как айылында он жылдан бери жашайт. «Мурун суу чыкчу, үч жылдан бери эле суу чыкпай жатат. Өзүбүз ичкенге сууну машина менен башка айылдан ташып келип ичебиз, малдарды мындан үч километр алыстыкта жайгашкан жерде арыктар бар, ошол жактан сугарабыз», — деп айтып өттү ал.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Тренер: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн