Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата айылдарга концерттик программа менен Терек, Байгөнчөк айылдарына гастролдорго чыгышты.


Мугалимдер оркестрде ойноп, улуттук бийлерди бийлешип, ырларды аткарышты. Мындан сырткары быйылкы жылына карата ар кандай тамашаларды көрсөтүштү.
Музыкалык мектептин директору Артыкбаева Венера:
— Бул концертке биз бир ай убакыт даярдандык. Эл да көргөнү келгенде маанайы ачык, көңүлдүү отуруп көрүүсү керек. Бул ыр майрамга атайын костюмдарды тиктирдик албетте өз каражатыбызга.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза