Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде жаш тескөөчүлөрдүн облустук таймашы болуп өттү. Анда облустагы беш жана шаардагы бир орто мектептин командалары катышты.
Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар сапка тизилүү, агит бригада, жаш билермандар, дубал гезиттер боюнча баяндама өңдүү жоболордо берилген тапшырмалар боюнча күч сынашты. Таймаштын жүрүшүндө калыстар тобу иштеп, тапшырмалардын аткаруу жөндөмдөрүнө карата тиешелүү упайларды берип жатышты.

Таймашта Кочкор районунан келген “Акжол” командасы даярдыгы мыкты экендигин көрсөтүп, алдыңкы сапта келатышкан. Акыркы тапшырмада упайы төмөн түшүп калды.
Калыстар тобунун катчысы бар экендигине карабастан акыркы чечимди калыстар тобу таймаш өткөн залдан сырткаркы жерде чыгарышты. Ак-Талаа районунан келген Гүлбарчын Мамытбекова он жылга жакын убакыттан бери ушул таймашка окуучуларды даярдап катышып жүргөнүн айтты:
— Дайыма шаардык Виктория командасына алдыңкы орунду берип коёт. Эгерде жыл сайын бул командага бере бере турган болсо, анда облустук деп атамыш болуп, таймаш өткөрүүнүн кажети жок. Эми ушул балдардын иш-чарасында да өң-тааныштык маанилүү роль ойногону өкүнүчтүү.
Таймаштын жыйынтыгына нааразы болгон Кочкор районунун «Ак жол» командасы сыйлык тапшыруу учуруна катышпай чыгып кетишкен.
Акыркы маалыматтарга караганда, облустук ИИБнин жетекчилиги 10-майда «Виктория» жана «Ак жол» командаларынын ортосунда кайрадан аталган таймашты өткөрөөрү кабарланды.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира