Согуш учурунда тылда калгандардын эмгеги да баа жеткис болгон. Анткени согушка кеткенден калган кары-картаң, жаш балдар, аялдар да жеңиш үчүн жан аябай эмгектенишкен.
Мына ошол жылдары тылда эмгектенген Жусупказы да учурда 91 жаштын чайын ичип, келин-уулдун төрүндө.

Жуспказы атанын айтымында, согуш учурунда ал 17 жашта болгон. Жашы жетпегендиктен колхоздун трактористи болгон.
— Согуш учурунда көп эле кыйынчылык көрдүк. Тамак-ашка жетпей ачка калган күндөр көп болду. Кудайга шүгүр, минтип 72-жеңишти майрамдап жатам. Ак ниет болгула. Ак эмгек кылгыла, үзүрү болот.
Кылымга тете жашаса да Жусупказы атанын баскан-турганы тың, сүйлөгөн сөзү орундуу. Ар убак небере-чөбөрөлөрүнө акылын айтып, сый үстүндө.
Даярдаган: Эсенгулов Урмат