Кыргызстандын экологиясы тууралуу сөз башталса эле таштандылар көйгөйү 1-орунга туруп калат. Баарыбызга белгилүү болгондой, кичинекей Талас жергесинде да мындай курч маселе ушул убакытка чейин өз актуалдуулугун жоготпой келет.
Целофан баштыкчалары көчөмө-көчө учуп жүргөнү, ит-мышыктардын өлүгү күн ысыганда мурун өрдөгөнү, бөтөлкө-айнектердин сыныгы, темир-тезектердин арыктарды каптап калганы бизге кадимки кездешүүчү көрүнүш болуп калды. Биз сөз кыла турган маселе тууралуу Талас шаарынын тургундарынан кыскача сурамжылоо жүргүздүк:

— Жергени азырынча таза деп ойлойм. Себеби азыр бара-бара тазаланып баратат. Эдин өзү таза болсо, шаар да, бардык жер таза болот. Адамдын өзүнүн маданияты жетишип турса, бардык жер тазаланып калат өзүнөн өзү эле.
— Таза деп ойлобойм. Анткени таштандылар тазаланбай ар кайсы жерде жатат. Элдерге түшүндүрүү иштери өтүлбөйт, таштанды салгычтар аз. “Квартальный” иштебейт. Убак убагында тазалаш керек да. Эч кимдин иши жок болсо анан кантип Талас шаары таза болот?
— Мурда таза эмес болчу, азыр таза. Элдин баары чыгып, ишембилик кылып, тазалаш керек да. Ар ким өзүнүн эшигинин алдын тазаласа таза эле болуп калат.

Таштандылар көйгөйү бизге эч качан чечилбес маселеге айланып бараткандай сезилгени менен “Тазалык” муниципалдык ишканасы өзүнүн ишин толук аткарууда дейт ишкананын жетекчиси Аскаров Эркин:
— Азыркы учурда Талас шаарынын тазалыгы аябай көйгөйлүү маселе. Анткени таштандыны эки ишкана карайт: биз – “стихийная свалка” менен иштейбиз, ТОС – көчөдөгү таштандыларды көзөмөлдөйт. Эки ишкана жооптуу болгондуктан бири-бирине шылтап, Таластын тазалыгы көйгөй жаратып жатат. Эң биринчи маселе – эки ишкананы кошуп, бир ишкананы эле таштандыларга жооптуу кылуу керек. Майда таштандылар көчөдөн чыгарылбагандыктан “стихийная свалкалар” пайда болот, аны биз бир жумада бир тазалап, “городской свалкага” ташыйбыз. Тазалык боюнча обл. администрация менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат: “шаарды тазалай турган техникалык жардам беребиз, таштанды салгычтарды көбөйтөбүз” — деген ойлору бар.
Ошондой эле Талас шаарынын аймактык өз алдынча башкаруусунун төрагасы Молдогазиев Канатбектен да маалымат алдык:
— Абалы азыр канааттандыраарлык. Иш бир ирээтке келтирилди. Азыр жашоочулар таштандыларын эшигинин астына чыгарышат, биз бир жумада бир аны чогултуп кетебиз. Азыр пилоттук программа иштелип чыгып атат. Ошол программанын негизинде ички көчөлөргө контейнерлерди орнотобуз. Адан тышкары көп кабаттуу үйлөргө бункерлерди уюштурабыз. Азыр ПРООН менен сүйлөшүп жатабыз: полиэтилендерди кабыл алып, кайра иштетип, Бишкекке ташуу боюнча долбоордун алкагында иш алып барабыз. Натыйжада таштандылар азайып, шаар тазаланат жана жумушсуз адамдар ал полиэтилендерди чогултуп-өткөзүү менен акча табышат. Бизде 6 техникабыз бар, анын ичинде экөө – такыр жараксыз абалда, бир техникабыз резервде, калганы менен иштейбиз. Техникалар эски болгондуктан иштөө оор.

Ал эми малекеттик экотехинспециясынын башкармалыгында экологиялык коопсуздугу боюнча улуу инспектору Өмүралиев Айбек төмөндөгүдөй маалымат берди:
— Таштанды маселеси Союз убагынан тартып чечилбей келаткан маселе. Бирок ага карабастан экотехинспекция башкармалыгынын инспекторлору жер-жерлерде иш жүргүзүп атышат. Мисалы, айыл өкмөттөрүндө атайы таштанды жайгаштыруучу жерлер ачылышы керек болчу. Биз аларга эскертме берип, талаптарды коюп, көзөмөлдөп келебиз. Статистикалык маалыматтарга таянсак, былтыр жер-жерлерге мыйзамсыз таштанды жайгаштырган жарандарга 27 миң сом айып салынган жана өз учурунда өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө айып салынган мекеме, ишкана, жарандар тарабынан жогоруда айтылган мыйзам бузуусу кайталанбай калды.
И. Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөзүн ураан кылсак Талас шаарынын таштанды маселеси чечилет деген ишеничтебиз.
Бул сюжет Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин коз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган: Элес Осмоналиева