Кыргыз Республикасы пайдалуу кендерге бай. Өлкөдө тоо-кен казып алуучу ишканалар ачылууда. Аларды курууда жана пайдаланууга берүүдө айлана-чөйрөгө жана ден соолукка жагымсыз таасир болушу мүмкүн. Ошондуктан элди туура маалымат менен камсыз кылуу үчүн биз «Жерүй алтын кенинин ачылышы Талас облусунун экологиясына кандай таасир тийгизет?» деген суроого жооп издедик.

Алгачкы сурообузду коомдук ишмер, Бүткүл дүйнөлүк кен казуучу тармактардын ачык-айкындыгын жогорулатуу боюнча уюмунун мүчөсү Арсыкан Момунтаевага узаттык.
— Кыргызстанда кен боюнча 5 мыйзам бар. Мен өзгөчө “Орхусс” конвенциясына көңүл бөлөм. Ал жактагы талаптарды аткарса, кен казуу көйгөйлөрү жаралбайт. Негизинен ТЭО, ОВОС деген мыйзамдар эл менен бирге ишке ашышы керек. Бирок тилекке каршы, элдин “Жерүй” тууралуу маалыматы аз болгондуктан, ал кендин ачылышына каршы чыккандар да четинен табылып атат.

Ал эми Талас облусундагы “Жерүй” алтын кенинин азыркы этаптагы абалы менен “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкулов тааныштырды.
— Биз лицензияда көрсөтүлгөн шарттардын негизинде кенди иштетүү боюнча атайы техникалык экономикалык негиздемелерди иштеп чыгып, мамлекеттик органдарга текшерүүгө бергенбиз. Учурда алтын өндүрүүчү фабрика жана калдыктар сакталуучу жайды куруу долбоору каралып атат. Суусамыр-Талас-Тараз трассасынан кенге кетүүчү жол салуу долбооруна макулдук алып, азыр жолдорду курууга, оңдоого, кеңейтүүгө багытталган 1-этаптагы иштер жүрүп атат. Биз толугу менен мыйзам чегинде иш алып барып, экологияга болгон зыян аз болушу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз, жумшап атабыз. Жыл сайын фондго компания тарабынан 100 млн сом которулуп турат: анын ичинен 70 млн сом Талас облусундагы өнөр-жай ишканаларын курууга, жаңы жумуш ордун түзүүгө кетет, 30 млн сом кайтарымсыз негизде социалдык экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө берилет. 2016-жылдын эсеби менен 100 млн сом элдин керегине бөлүнүп берилген. Кенге лицензия алгандан баштап ушул мезгилге чейин 404 млн сом Талас облусунун бюджетине салык төлөп, 7 млн сом Талас региондук социалдык фонддун эсебине котордук.

Бул көйгөй кечээ эле жаралган эмес. Жергиликтүү калк 2007-жылдан бери каршылыкта туруп, нааразычылыгын билдирип, митинг уюштурганга чейин барышкан. Алтын кен ачылуусу боюнча Талас шаарынын тургуну Айнура Орумбаева өз пикири менен бөлүштү.
— Кендин ачылуусу чынында эле абдан көйгөйлүү болуп атат. Башында биз каршы чыкканбыз. Бирок кийин “Альянс Алтын” компаниясынын презентацияларын көрүп, угууларына катышып, алардын иштери менен таанышканан кийин көңүлүбүз толду. Компания калдыктар сакталуучу жайды көрсөтүп койсо, толугу менен ишенебиз деген оюм бар.

Ал эми бул ишти ким көзөмөлгө алат деген суроого Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Кадырбековго кайрылдык. Анын айтымында, азыр “Жерүй” алтын кенинин иши баштала элек. Бирок буга чейин жогоруда аталган агенттик ал жерди экспертизадан өткөрүп, бардыгы нормада экенин тастыктаган. Качан гана алтын кен казуу иштери башталганда кайрадан экспертиза кылып, белгилүү бир нормага дал келбесе алар менен чогуу иш алып барабыз деди.
— Биздин мекеме “Жерүй” алтын кенинин ишине мониторинг жүргүзүү, пайдалануу үчүн акы төлөмдөрдү алуу иштерин алып барат. Адан тышкары кенди иштеткен компаниянын ар бир долбоорун экологиялык экспертизадан өткөрүп, Кыргызстандын мыйзамынын негизинде корутунду берилет.

Даярдаган: Элес Осмоналиева
Бул материал Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.