Жакында менталдык математика боюнча республикалык олимпиада болуп өттү. Ага Ак-Талаа районунан жалпы жети окуучу катышып келди.
Алардын төртөө Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин 3-4-5-классынын окуучулары.


Ийрим жетекчиси Нургүл Макелеева:
— Республикалык олимпиадага бардык аймактын окуучулары катышты. Олипиадада эки, үч орундуу сандар менен жүргүзүлгөн амалдарды кошуу жана кемитүү, көп орундуу сандарды бир орундуу санга көбөйтүү тапшырмалары берилди. Негизи окуучулар 5 мүнөттө 40 эсепти ой жүгүртүп да, абакус менен да чыгара алышат.

Жыйынтыгында Ак-Талаадан барган Керимбекова Каным (5-кл), Сатарбеков Эрхан (4-кл), Кулуев Сабырбек (3-кл) 1-орундарды камсыз кылып, 20-июлда Кытайдын Пекин шаарында өтүүчү мамлекеттер аралык олимпиадага жолдомо алышты. Ал эми Чоробеков Бексултан (3-кл) 3-орунга татыктуу болгон.
Канымдын апасы Анара Мурзакулованын айтымында, Кытайга олимпиадага катышууга документтерин даярдап жатышат.
Ал эми Нургүл Макелеева «Кытайда өтүүчү олимпиадага Кыргызстан биринчи ирет катышып жаткандыктан барып келүү чыгымдарын ата-энелер өздөрү көтөрөт» деп кошумчалады.
Кыргызстандын атынан олимпиадага катышуучу жаш математиктерге ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Мамытбекова Гүлбарчын
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!