Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин демилгеси менен өтүп жаткан «Укугуңду бил» атуу акция үч күнгө созулуп, 23-июнда аяктайт. Акысыз укуктук колдоо көрсөтүү кызматы Талас шаарынын Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин алдында өтүп жатат.
Талас облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысы Таалайбек Эралиевдин айтымында, “Укугуңду бил” акциясы юстиция министрлигинин демилгеси менен өтүп жатат.



«Бүгүнтөн тартып, 23-июнга чейин мекеме кызматкерлери шаарыбыздын тургундарына ар кыл маселелер боюнча кеп-кеңеш берет. Иш-чаранын негизги максаты – калктын аярлуу катмары арасында укуктук коргонуу деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет», — деди Эралиев.
Талас шаарынын жана Талас районунун мамлекеттик нотариусунун кызматкери Динара Ташманбетова кардарларга ар тараптуу кеңештерди жана юридикалык акысыз жардамдарды берип, шаар тургундарына китепчелер таркатылып жатканын айтты.

Акцияга келген Талас шаарынын жашоочусу Акмат Ноорузбаев жер маселеси боюнча суроолорду берип, толук кандуу жооп алганын айтты. Ал мындай акциялар бат-бат уюштурулуп турса деп кошумчалады.
Даярдаган: Рахат Камчыбекова