Талас шаарындагы Ак бешик бала бакчасы Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери кызмат кылып келет. Учурда бакчада 200дөн ашуун бөбөктөр тарбияланышат.
Ак бешик балдар бакчасы 1990-жылдан тарта ишке кирген.
«Бала — бул бакыт» деп бекеринен айтылган эмес, дал ушул бала бакытына чөмүлгөн Ак бешик балдар бакчасына барып, көптөгөн кичинекей балдар менен маек курдук. Бөбөктөр тартынбастан келечектеги максаттарын айтып беришти.


Ак бешик балдар бакчасынын мүдүрү Салтанат Орозалиеванын айтымында, ар бир балага ай сайын 600 сомдон төлөнөт. Бул сумманын ичине балдардын тамак-ашы кирет.
Даярдаган: Саадат Нуржан кызы