Талас мамлекеттик университетинин табия таануу жана педагогика факультетинин 4-курстардын студенттери үчүн бүтүрүү кечеси болду. Кечеде факультеттин деканы жана кафедра башчылары куттуктап, аларга ийгиликтерди каалашты.
Факультеттин деканы Укен Мырзабекова:
— Мыкты адистерди даярдоого аракет жасадык, быйыл 56 студен окуу жайыбызды ийгиликтүү бүтүп жатат. Алардын арасынын мыкты студенттер дагы бар. Эми кийинки муундарыбыздагы булардай активист болсун.


Бул аземге бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо үчүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер келишти. Коштошуу аземинде бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, студенттер чакан концерттик программасын тартуулады. Факультеттин мыкты студенттери грамоталар жана чакан белектер менен сыйланды.


Биология адистигинин бүтүрүүчүсү Азамат Исламбеков.Салтка айлангандай кичүү курстар бүтүрүчүү курстарды узатып, куттуктоо сөздөрүн айтышып бүтүрүчүүлөргө белектерин тапшырышты.

Артыкчылык диплом менен бүткөн студенттер.
Толкундануусун жашырбаган куратор Венера Абдырахманова «4 жыл бою өз балам, кызымдай болуп калды эле» деп бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалады.
Даярдаган: Рахат Камчыбекова