Ак-Талаа районунда балдардын жайкы эс алууларын пайдалуу өткөрүү максатында «Сары-Жыгач» балдар лагери уюштурулду.
Сары-Жыгач чөлкөмүндө ачылган балдардын эс алуу жайынын ачылыш аземине бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, куттуктоолорун билдиришти.


Ачылыш аземде балдарга арналып маданият үйүнүн куурчак театры балдарга жомок тартууланды. Ошондой эле Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучуларынын пионердик жүрүшү менен коштолду.
«Сары-Жыгачтагы» балдардын жаратылыш койнундагы жайкы лагери быйыл экинчи ирет эс алуучу жеткинчектерди кабыл алып жатат.
Лагерди ачууну райондук бийлик демилгилеп чыкса, аны керектүү жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга жеке ишкер Сүйүнбек Сулайманов демөөрчү болуп алып берген.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Эсеналиевдин айтымында, лагерде ар бир бала 600 сомдон акы төлөп, 10 күн бою эс ала алышат. Бул аралыкта балдар үчүн ар кандай кызыктуу спорттук оюндар, маданий иш-чаралар өткөрүлөт.
Сынакка даярдаган: Кубанычбекова Эльвира