Кара-Суу айылынын тургуну Гүлжан Ажиева айылда айымдардын арасынан ыр чыгарган жалгыз инсан.
Ажиева Гүлжан Кара-Суу айылындагы аялдардын активдүүлөрүнүн бири. Ал Кара-Суу айылында жамааттык медиаборбор ачылгандан бери борбордун ыктыярчылары менен кызматташып, волонтерлорго кеп-кеңешин берип, келе жатат.
Анын катышуусу менен “Ак кептердин” Үркүнгө арналган бир топ аудиорепортаждары жарык көрдү, алар: Аалы Токомбаев “Кандуу жылдар”. Мукай “Узак жол” жана ошондой эле акын эжебиздин мекен, эне тили жөнүндө чыгарган ырларын жаздырып, айылга радиорупор аркылуу берип турабыз. Гулжан эже айылда жаш чагынан бери Кара-Суу орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип келе жатат.
Ал Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Мына ошондон бери далай бүтүрүүчүлөрдү мектептин уясынан учурду. Окуучулары мекенибиздин ар кайсы жерлеринде иштеп, окуп жатышат.
Даярдаган: Жусупова Саида, Дүйшекеева Сезим