Жылда 5-мартта Кыргызстандын ар бир бурчунда улуттук баш кийимдин урматына Ак калпак күнү белгиленет. Ак-Талаа районунун Баетов айылында дагы Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш болуп өттү.
Ага Бейшеналиев, Карасартов атындагы орто мектептин, №40 Лицейдин окуучулары жана ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучулары, мекеме кызматкерлери катышып, ак калпак кийип, туу көтөрүп жүрүштөн өтүштү. Жүрүштүн максаты улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сезимдерин ойготуу болуп эсептелет. Иш- чараны акимдин орун басары А.Сулайманов ачып берген соң, чакан концерттик программа тартууланды.



Ушундай эле ак калпак күнү Нарын районунун Учкун айылынын Токсобаев атындагы орто мектебинде дагы белгиленди. Бул иш- чара Нарын райондук ички иштер бөлүмү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын катышуусу менен болуп өттү. Иш- чарада: «Ак калпак кыргыз элинин улуу мурастарынын бири экендигин жаш муундардын билип жүрүүлөрү парз»,- деп билдирди Э.Токсобаев атындагы орто мектептин тарбия иштеринин уюштуруучусу Асанбеков Нурлан.





Даярдаган: Муктарова Аймырза