Асан Сопиев мектебинде “Ысык-Көлүм ыйык мурасым” акциясынын алкагында “Эң жашыл класс” сынагы 1-11-класстар арасында өтүлдү. Сынактын жыйынтыгы атайын көрсөткүчтөрдүн натыйжасында аныкталды.
“Аваз” уюму уюштурган иш-чаранын жыйынтыгында 5-б класс 1-орун, 7-б класс 2-орун, 7-а класс 3-орунга ээ болушту.
Сопиев мектебинин президенти иш чаранын уюштуруучусу Айгерим Кубатбекова иштин максаты класстардагы жашылдандырууну күчөтү экендигин айтат.
“Бул иш чараны сынак түрүндө уюштурганыбыздын себеби, класстар бири-бири менен атаандашып класстарына гүлдөрдү өстүрө башташат. Сынактын жыйынтыгын гүлдөрдүн санына, түрүнө, каралуусуна көңүл бурдук”, — дейт Кубатбекова.
Иш-чаранын уюштуручуларыны бири Кундуз Шалтабаева сынак абдан жакшы өттү. Класстар активдүү катышты. Мындай сынак 1-жолу уюштурулгандыгын жана гүлдөрдүн пайдасы көп экенин айтып өттү.
“Сынакка 5-б класс өзгөчөлөнүп катышты, алардын классында гүлдөрдүн саны жана түрү дагы көп экен. Гүлдөрдү жактагандары жана көптөгөн кошумча маалыматтарды чогултушканынын натыйжасында 1-орунга ээ болушту”, — деп билдирди Шалтабаева.

Аталган сынакта 1-орунду ээлеген класстын класс жетекчиси Бактыгүл Шейшееванын айтымында, буга чейин деле классына гүлдөрдү өстүрүп келишкен. Класстын саны эмес сапаты дайыма маанайды көтөрүп турарын айтат.
“Биз класстагы гүлдөгө дайыма суу куюп, кам көрүп турабыз. Гүлдөр кооздук гана тартуулабастан ден-соолука абдан пайдалуу жактары абдан көп. 1-орун алганыбыз класстагы окуучулардын баардыгынын изденүүсүнүн негизинде ийгиликке жеттик. Ийгиликке жетүүнүн жолу талыкпай эмгектенүү деп ойлойм”, — деди Шейшеева.


Даярдаган: Саадат Турдуматова
Сынак үчүн