Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы мектептин эскилиги жетип калгандыктан, 2014-жылдын январь айынан тарта жаңы мектептин котлованы казыла баштаган. Бирок салынып жаткан мектеп 2015-жылы ноябрь айында токтотулуп, качан улантылаары белгисиз.
Токтоян айылынын айыл башчысы Атабек Албанов мектепке башында 46 миллион сом бөлүнөөрү белгиленип, андан кийин өзгөртүү киргизилип, ичинде бардык шарты менен болуусу үчүн 56 миллион сом бөлүнгөнүн айтты.

30-сентябрь 2015
«Мамлекеттик бюджетти бекиткенде убагында титул барагы кирбей калыптыр. Кийин биз кайрылуу жазып кайрылганбыз», — деп түшүндүрдү айыл башчысы Албанов.

29-апрель 2016
«Быйыл көчмөндөр оюну болгондугуна байланыштуу мамлекеттик бюджеттин бардыгы ошол жакка кетет дешти. Алты айда өзгөртүү болот деп жатышат. Сентябрь айында көчмөндөр оюну аяктаганда, ошондон түшкөн каражатка мектеп курулат экен», — деп баяндады Албанов.
7-класстын окуучусу Айдана Молдакунова заманбап мектепте окугусу келээрин айтат.
«Албетте биздин мектептин эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу ал жакта окуу кооптуурак. Жаңы мектепте окугум келет, анткени көптөгөн жеңилдиктер болот, мисалы спорт залыбыз жок, компьютерлер аз, эски башка дагы кемчиликтер бар», — дейт мектеп окуучусу Айдана.

Даярдаган: Адина Осмонова
Сынак үчүн