Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунун шайлоо коммиссиясынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев менен бул тууралуу маек курдук.
Саламатсызбы! Айылдык кеңешке кимдер талапкер боло алат? Кандай шарттарды аткарышы керек?
— Саламатчылык! Негизинен айылдык кеңешке талапкер болууга эч кандай шарттар жок, жөнөкөй жарандар дагы талапкер боло алышат. Болгону ошол аймакта жашагандыгы тууралуу маалымдама болушу керек.

Шайлоого партиялар менен катышабы же жеке адамдарбы?
— Жеке адамдар катышат. Партиялык система жок жергиликтүү кеңеште.
Канча адам талапкер болууда?
— Учурда такталган маалымат боюнча 34 талапкер бар.

Айылдык кеңешке канча депутат шайланышы керек?
— Кетмен-Дөбө айыл аймагы боюнча 21 депутат шайланышы керек. Өзү 2 аймакка бөлүнөт: Терек-Суу жана Чоң-Арык болуп. Терек-Суудан 12 депутат, Чоң-Арыктан 9 депутат болушу керек.

Жергиликтүү кеңешке депутат болуу үчүн канча добуш алыш керек?
— 250 добуш алыш керек.
Белгиленген барьерден аз добуш алып калса эмне болот?
— Белгиленген барьерден төмөн добуш алса мандатка жетпей калат.
Терек-Суу айылы боюнча канча шайлоочу бар?
— Терек-Суу айылында 2255 шайлоочу бар.
Айыл аймагы боюнча канча шайлоо участогу бар?
— Айыл аймагы боюнча 2 шайлоо участогу бар: Терек-Суу жана Чоң-Арык.

Канча жылда бир шайлоо болот?
— Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 4 жылда бир болот.
Эгер шайлоонун жыйынтыгына талапкерлер, же эл макул болбосо, жыйынтык жокко чыгарылабы?
— Эгер, чыр-чатак, жаңылыштыктар, түшүнбөстүктөр келип чыкса, шайлоону кайра жылдырууга туура келет.
Шайлоочулардын укуктары, шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз?
— Ар бир шайлоочу 12 талапкерди шайлоого укугу бар. Андан сырткары бир гана ID-карта менен шайлоого катышууга мүмкүн. Мурдагыдай жарандык паспорт менен катышууга болбойт. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү — камеранын коюлушунда болуп жатат да. Мурун идентификациядан гана өтүшсө, эми азыркыда камера аркылуу жарандыгыңды аныктап чыгат. Андан соң идентификациядан өтүп, биометрикалык каттосу бар болсо, ID-карта бар болсо автоматтык түрдө 2 чекит чыгат: Бирөө референдум боюнча, экинчиси жергиликтүү кеңештики.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн