Ноокат районунун Арбын айылындагы Арбын орто мектебинде бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага 10-11-класстын окуучулары катышышты.

Негизи СПИДге каршы иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул иш-чарада окуучулар өздөрүнүн даярдаган инсценировка, ыр, бий, ар кандай чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

Иш-чаранын башталышында мугалимдер окуучуларга СПИД жөнүндө маалымат берип өтүштү.

Арбын орто мектебинин соцпедагогу Жумабек Кадыров окуучулар СПИД жөнүндө, жугуу жолдорун жана жукпас жолдорун билип алышкандыгын айтат.
«Окуучулардын даярдыгы абдан мыкты деңгээлде болуптур. СПИД – бул айыкпас дарт, мындан этият бололу деп окуучуларга да түшүндүрүү иштери болуп жатат», – деди Кадыров.

Мектеп окуучусу Айпери Таева «СПИД жөнүндө көп нерсе билип алдык. Окуп гана эмес аткарып да беришти» деди.

Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн