Ноокат районунун Арбын айылында кайрымдуулук марафону болуп өттү. Марафонго окуучулар, мугалимдер катышты.
Марафондон түшкөн акча бири 5 жашар, экинчиси 8 айлык эки балалуу Бишкек шаарынын жашоочусу Айнагүл Абазовага берилмекчи.


Марафондун уюштуруучусу Жумабек Кадыров «Айнагүл Абазованын 2 баласы бар экен, Бишкекте жашайт, үйү да жок экен. Ошого биз окуучулар менен биргеликте кайрымдуулук кылып марафон уюштурдук» деп билдирди.

Марафонго катышкан Дилстан Акылбек кызы «Эртең 3-декабрь кайрымдуулук күнү, ошондуктан окуучулар кайрымдуулук кылып жатышат. Муну уюштурган Кадыров Жумабек агайга рахмат» деп айтты.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Редактор: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн