Ак-Талаа районунун билим берүү тармагында узап бараткан жылда айтарлык ийгиликтер деле болгон эмес. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Ж. Мамбетова билдирди.

«Анткени окуучулар арасында өтүүчү республикалык олимпиадада, бутүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестирлөөдө жакшы ийгиликтерге жетише албадык», — деди Мамбетова.
Жогоруда белгиленген эки багыт билим берүүнүн жүзү. Мамбетованын айтымында, райондук билим берүү тарабынан мектептердин иши координацияланбай, багыт берилбей калган.
«Мектептер өздөрүнүн иш-мерчемдери менен гана иш жүргүзүп келатышат. Мунун негизги себеби билим берүүнүн жетекчилигинин канча убактан бери белгисиз себептер менен бекибей жаткандыгы. Жергиликтүү бийлик катары тиешелүү тараптарга аталган маселени чечип берүү тууралуу бир нече ирет кайрылгандары менен жоопсуз калган», — деди ал.
2016-жылдын 16-апрелинен бери Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилик кызматын убактылуу Б.Чиркеев аткарып келет.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!