Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) жыл жыйынтыгын чыгарды. Борбордун активдүү кабарчыларына грамоталар жана бирдик карточкалары тапшырылды.
Сыйлыктарды «Ак кептер» ЖМБнын координатору Султаналы Чакчагаев тапшырып, ыктыярчыларга ийгиликтерди каалап, Жаңы жылы менен куттуктады.
Ушул эле кееде жогорку класстын ыктыярчыларына да сыйлыктар тапшырылды. «Ак кептердин» атынан медиаборбор менен кызматташкан мектептин директору Алиева Н.А., мугалим Ажиева Г.А., Каралаева М., Жумалиева Г.Т. медиаборбордун грамоталары бирдик карточкалары менен сыйланышты.

Ошондой эле «Ак кептерде» эң биринчилерден болуп иштеп кеткен волонтерлор: Азаркулова Э., Туратбекова П., Урманбетова Б., Ишенбекова С. жана Кусерова Н. сыйланышты.

Бул күндун эң негизги учуру «Ак кептер» ЖМБнын ыктыярчылары Медиан Сатыбекова жана Айдана Кнатова «Клооптун» сынагыанан утушкан Samsung смартфондорун тапшыруу болду.
Даярдаган: Алымбекова Канышай
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн