Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундары Канат жана Канимет Мурзашевдер меш, буу менен үй жылыткыч, душ кабинасы сыяктуу турмуш-тиричилик буюмдарын жасашат. Бир туугандар техника багытында жогорку билимге ээ.
Мурзашевдердин жасаган буюмдарынын баасы үч миңден 18 миң сомго чейин.
Канат Мурзашев Ош технологиялык университетинин автоунаа факультетин бүтүргөн болсо, ал эми Канимет Мурзашев ошол эле университеттин энергетика факультетинде 3-курста окуйт.

Буга чейин Канимет 9-классында «ХХI кылым интеллектулдары» сынагына робот жасап катышып, Ош облусу боюнча 1-орунду алган. Канат болсо 10-классында «Дистанциялык эксковатор» сынагында экскватор жасап, республикалык деңгээлдеги сынакта 2-орунга ээ болгон.

Бир туугандар эксковатор, кичи ГЭС, робот, жер титирөөнүн алдын ала билүүчү аппарат жана башка нерселерди да жасап келишет.
Канат “шаарларда көп кабаттуу үйлөргө жылыткыч жасайбыз, азыр кышында бекерчиликте меш жасап жатабыз” дейт.

Канимет болсо “элдин жасагандарынан көрүп, өзүм да жасап көрүп эле үйрөнгөнмүн” деп билдирди.

“Мен мындай мешти эч кимден көргөн да эмесмин, ушундай жасагыла деп да айтпадым. Бирок менин көңүлүмдөгүдөн да жакшыраак кылып жасашкан”, — дейт айыл тургуну Сүйүнбек Мурзашевдердин жасап берген буюму боюнча сураганыбызда.
Даярдаган: Каныбек кызы Шахира
Редактору: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн