Радиомост үналгысында ар жума күндөрү чыккан “Айымдар сааты” программасынын бул жолку коногу Талас шаарындагы наабайкананын жетекчиси Майрам Турсунова болду. Ал наабакананы 15 жылдан бери иштетип келет.
Наабайканада ун азыктарынын 40ка жакын түрү жасалат. Турсунова өзүнүн ишкерлеринен эң алгач тазалыкты талап кылаарын айтат. Чакан ишканада эмгектенип жаткан жаамат өз иштерин кечки саат 6-7де баштап, таңкы саат 9-10дордо чейин иштешет. Андан соң дүкөндөргө таратышат.
Бул ишти качан баштадыңыз эле?
— Мындан 15 жыл мурун алгачкы самса менен баштадым. Самсадан анан ассортимент көбөйтө баштадым. Анан жумушумду чоңойтуп, бала-чакам менен ушул күнгө чейин иштеп келе жатабыз. Нан эч качан өтпөй калбайт. Буйрутма беришет, үйгө чейин издеп келишет. Нанды мен “от души” жасаймын. Жумушчуларым бар. Аларды да урушуп турам. Эл менен иштешкенден кийин менин нандарым жагыш керек. Эгерде нандар нык болуп калса, мен таратпайм. Биз ал нандарды кургатып кылып салабыз. Мен элге жакшы кылам. Ошого баары ыраазы болот. Элге жакшы кызмат кылабыз. Эл менен болобуз, элге кызмат кылабыз.
Маекти Майрам апанын кызы Турсунова Гүлмира менен уланттык.
— Майрам апа — менин апам болот. Мен иштегениме он жыл болду. Кудайга шүгүр. Азыр 40 түр нан кылабыз. Азыр булочканын түрлөрү, кекс, сендвич, гамбургер, пирог, пирамида нандар, нандын 4-5 түрү бар.
Түнү менен баардыгына жетишесиздерби?
— Жок, жетишпейбиз. Соодага карайбыз. Буйрутмалар көп болгондо, он адамга жакын жумушчулар бар. Биздин нандар Таластын райондору боюнча таратылат. Борборубуздан да болгон буйрутмалар бар.
Наабайканага барып иш жумушуна аралашып көрдүм. Лакомканы жасаганына жардам берип, жумушчулар менен маектешитик. Майрам апа Талас жаштары үчүн жумуш орундары менен камсыз кылат. Наабайканадан тышкары, Майрам апа дүкөн, дарыкана, кафе жана хошанкана иштетип, жаштарды жумуш менен камсыз кылууда.
Даярдагандар: Камчыбекова Р., Кубанычбекова А.
Мыкты макала сынагы үчүн