Зуля Шадыканова – дунган кызы. Кыргызга келин болгон Зуля үйдө гүл өстүрүп жүрүп, жеке бизнесин ачууга жетишкен. Жүздөн ашык гүлдүн түрүн сатыкка чыгарган Зуля айым бизнестин бул түрүнүн күңгөй, тескейин биз менен бөлүштү.

Зуля Шадыканованын гүлдөрү
— Зуля айым, гүлдү канча жашыңыздан тартып өстүрүп баштагансыз?
— Гүлдөргө болгон сүйүүм негизинен бала кезимден бери бар. Апам үйдө гүлдүн түрүн өстүрчү. Ал кандай гана гүлдү алып келип отургузбасын, искусствонун бир түрүнө айланып керемет гүлдөп, өсүп чоноер эле. Ошол бала кезимден эле гүлдөрдү кароодо апама жардамдашчумун. Сиздер билгендей эле, дунган эли бөлмө гүлдөрүнүн гана эмес, короо гүлдөрүнүн да ар түрдүүсүн өстүрүү менен белгилүү. Бара-бара менин гүлгө болгон камкордугум чыныгы хоббиге айланды. Бир караганда көп убакытты албагандай сезилгени менен мен гүл өстүрүүгө баш отум менен кирип, бул кызыгуум үчүн убактымдын көп бөлүгүн арнап баштадым.
— Эмне үчүн гүл менен ишкердик кылууну чечтиңиз?
— Турмушка чыккан соң, менин гүлгө болгон сүйүүм жоголгон жок. Алгач, үйдө гүлдөрдү өз алдынча көбөйтүү менен алектене баштадым. Адам үйгө чарчап келсе дагы короодогу, үйдөгү миң түркүн, ар кандай түстөгү, сорттогу гүлдөрдү көрүп, бир топ эс алып, жүрөгү ырахаттанат. Сырткы дүйнөдөн алып келген бардык негативди унутуп, кубаныч жана жакшы ойлор пайда болот. Анан мен бул кубаныч, жагымдуу атмосфераны башкалар менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Мындан улам, гүл менен бизнес кылуу идеясы жаралды.

Бөлмө гүлдөрүнүн жүздөн ашык түрү бар
— Бөлмө жана короо гүлдөрүнүн кандай түрлөрү бар? Аларды кайдан аласыздар?
— Бизде бөлмө гүлдөрүнүн жүздөн ашык түрү бар. Алардын арасында жергиликтүү жана атайын чет өлкөдөн алынгандар дагы бар. Ал эми кээ бир гүлдөрдү мен өзүм өстүрөм, кээ бирин алып көбөйтөм. Орхидея, коланхоэ, драцена, жасмин, фиалка, банан, мандарин, хризантема, деция жана климатес болуп бир топ түрлөрү бар.
— Сиз гүл менен ишкерлик кылууда акча табуудан тышкары дагы кандай пайда алам деп ойлойсуз?
— Албетте, гүл мен үчүн ар дайым — кубаныч, жагымдуу маанай, энергия десем туура болот…
— Бул иште сизге жардамчы болгон бир канча адам бар экен. Демек, гүл өстүрүүдө бир адамдын эмгеги жетишсизби?
— Бүгүнкү күндө соода борборлорунда биздин бир канча орундуктарыбыз бар. Кайын энем жана жолдошум кандай иш баштабайын, мени ар дайым колдоп турат. Учурда бир гүл сатуучу жайыбызды кайын энем иштетип, мага чоң жардамын көрсөтүүдө. Андан тышкары, дагы жардамчыларды алганбыз. Гүлдөр көп болгондуктан, гүл бизнесинде бир адамга оор болуп калышы ыктымал.
— Бул ишти баштаган алгачкы күндөрүңүздө кандай сезимдер болгон?
— Албетте, менин эң алгачкы күнүм сар-санаа жана толкундоо менен коштолгон. Мен бул ишти ийгиликтүү алып кете албасамчы деген ар түрдүү ойлор да келген. Бирок, акырындап гүлдөр өз ээлерин таап, кардарлар көбөйө баштады. Муну менен бирге мага ишеним да пайда болду.

Гүлдөр киреше гана эмес, кубаныч да алып келет
— Гүлдүн кандай түйшүгү бар? Бир күндө аларга канча убакыт коротосуз?
— Гүлдөрдү кароо, багуу анчалык оор эмес. Балким, мен бул ишти жакшы көрүп аткаргандыктан, мага анын түйшүгү деле билинбейт. Башкысы, гүл өстүрүүдө – баардыгын өз ченеминде жана убагында аткаруу керек. Ошондой эле, кайсы гүл , кайсы учурда кошумча азыктарга муктаж экенин туя билүү маанилүү. Гүлдөрдүн бир топ түрүнө карабай, бир күндө жалпысынан бир сааттай убакыт кетет. Ал эми үйдөгү гүлдү дүкөнгө жеткирүүдө жолдошум жардамдашат.
— Алдыга кандай пландарыңыздар бар?
— Буюрса, алдыда гүлдөрдүн санын, түрүн көбөйтөлү деген ойлор бар. Мен экзотикалык, тропикалык, өзгөчө гүлдөрдү өстүргүм келип жүрөт.
Гүлдү өстүрүү тууралуу бул макаланы окуй аласыз. Мындан тышкары, гүлдөрдүн жана чөптөрдүн пайдасы тууралуу окуңуз.
Касиет Кубанычбек кызы