29-сентябрь күнү Арстанбап айылынын жаштары үчүн шашки жана шахмат оюну боюнча мелдеш болуп өттү.
Арстанбап айыл аймагынын жаштар комитетинин төрагасы Мырзакаримов Шохрух төмөндөгүлөргө токтолду:

Мелдешке катышкан окуучулар жана жеңүүчүлөр
«Бул мелдеш ТаасирЛинк долбоору алкагындагы иш чаралар катарында ишке ашырылды.

Шахмат оюн учуру
Иш- чара жергиликтүү жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу, жергиликтүү институттардын кызматташуусун өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Катышуучуларга санитардык эрежелер түшүндүрүлүп, тазалоочу антисептиктерди чачуу мезгили
Мелдеш өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын талаптарына ылайык бардык сактануу эрежелерин сактоо менен өттү. Мелдеш мектеп окуучулары арасындагы шахмат сүйүүчүлөр ортосунда болуп, кызыктуу болду.

Шахматка кызыккан кыздар
Жеңүүчүлөргө белектер берилди. ТаасирЛинк долбоору Search for Common Graund (SFCG) Жалпы кызыкчылыктарды издөө уюму жана «ЖашНиет» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат», -деп айтты Арстанбап айыл аймагынын жаштар комитетинин төрагасы Мырзакаримов Шохрух.
Арстанбап айылынын жаштары Супер Мейкатонго катышты
Тимурлан Мелисбеков