Ооган- Талаа айылындагы С.Далбаев мектебинде мугалимдер үчүн 26-октябрдан, 6-ноябрга чейин окуу болуп өттү. Бул окууда мугалимдер компьютердик сабаттуулугун жогорулатып, онлайн сабак өтүүдө ыңгайлуу программалар менен таанышты.
Окутуу 12 күн уланып, күнүнө 4 сааттан болуп турду.

Мугалимдер окуу мезгилинде
Бул курстун негизги максаты, мугалимдердин ишин санариптештирүүдө көмөк көрсөтүү, онлайн сабактарды эффективдүү өтүү үчүн ыкмаларын үйрөтүү болду.

Касым Алимов окуу борборунан келип мугалимдерди окутуп жатат
Касым Алимов Ош шаарындагы «Исхак» окуу борборунан келип мугалимдерге сабак берди. Ал 1 жылдан бери мугалимдерди окутуу менен алектенет.
«Азыркы учурда Базар-Коргон районуна дээрлик бардык мектептерди окутуу жүрүп жатат. Ар бир мектепке 1ден мугалим бөлүнгөн. Азыркы шартка байланыштуу эртең менен биринчи смена 9:00-13:00 чейин болуп, экинчиси 14:00-18:00 чейин окуп жатышат»,- дейт Касым Алимов

Сатыбалды Далбаев мектебинин директору Давлет Омурзакова
«Мектепте 46 мугалим эмгектенсе, отуз мугалим ноутбук алышты. Мектепте 13 компьютер бар. Анын үчөө иштеп калганы жараксыз абалда эле. Окуу борборунан келген адис компьютерлерибизди ондоп, азыр 10 компютер иштеп жатат. Мектептин биринчи кабатында айыл аймагы демөөрчүлүк кылып коюп берген вай фай иштесе, экинчи кабатында мамлекет тарабынан коюлган интернет түйүнү компьютер классыбызга коюлуп, иштеп жатат. Бир окуу канабызда интерактивдүү доска бар.
Ал эми окуу боюнча айта кетсем, биздин мугалимдер жаңы программаларды үйрөнүп, заманбап мугалим болууга умтулуп, окушту. Өз кезегинде биз мугалимдерге жана окуучуларга толук кандуу, жеткиликтүү, терең билим берип, билим алуусуна шарт жаратуу аракетиндебиз. Эми мугалимдер мурдакыдан да жакшы, кызыктуу сабак өтүп, интерактивдүү доска менен иштешет деп ойлойм», — деди мектеп директору Давлет Омурзакова.

Мугалим Алтынай Токтогулова
Алтынай Токтогулова №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде эмгек, сүрөт сабактарынан мугалими болуп иштейт. Мектепте эмгектенине 31 жыл болгон. Бул окутуу мугалимдер үчүн пайдалуу болуп жатканын айтып, сабак өтүүдө жардамы тиет деген ойдо:
«Бул окуунун бизге эң көп пайдасы бар деп ойлойм. Биз сабак өткөндө окуучулар менен теманы бышыктоо үчүн атайын слайддар, таблица түзүп өтөбүз. Мурда слайд түзүүнү, Word, Excel программасын жана дагы ар түрдүү программаларды бүгүн окуп бүтүрдүк. Биз эртең мененки биринчи группада окудук. Сабак мезгилинде бир аз кыйналып жаттык эле, каникул башталгандан бери жакшы көңүлүбүз бир тарап болуп, жакшы окудук. Мен үчүн курстун кыйынчылык жактары болгон жок. Өзүңдүн компьютериң болсо ошонун ичинен бардыгын өзүң карап отуруп жазсаң оңой болот экен».

Окуу аяктап, тест тапшырып сертификат алган мугалимдер
6-ноябрда мугалимдер жыйынтыктоо иретинде тест тапшырып, 4 жана 5 деген бааларды алышты.

«Онлайн сабакта эле эмес, мектеп башталганда да ноутбукту телевизорго туташтырып, акылдуу доска иретинде колдонууну үйрөндүк. Ар бир класста телевизор бар бирок, акылдуу доска бир эле класста», — дейт мугалим Шахиста Камылова.
Арстанбап айылында экоакция болду
Ширин Маратбековна, Айдай Жапарова