Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында бүгүнкү 10-январдагы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого элдер кеч келишти.
Мунун себеби суукка байланыштуу деп аталган айылдагы № 4017 шайлоо участкасынын төрагасы Жаныш Калманбетов билдирди:

№4017 шайлоо участкасынын төрагасы Ж.Калманбетов
«Биздин шайлоо участкасында жалпы 1466 шайлоочу бар. Шайлоонун жүрүшү түшкө чейин орто болду. Эртен менен саат 11ге чейин аябай суук болуп, шайлоочулар абдан аз санда келди. Ал эми түштөн кийин гана кишинин саны өсө баштады. Өзүңөр билгендей бизде абдан суук, эртен менен температура -32 градуска чейин жетти. Ал эми шайлоо участкасын жылытканга айыл өкмөттөн, мектеп директору болуп жардамын көрсөтүштү. Бюллетень салынчу эки аппаратка экиден кошумча жылыткычтар сайылып, жылытылып жатат.

Бюллетень салынчу аппараттар жылыткычтар менен жылытылып жатат
Мүмкүнчүлүгү чектелген айылдагы 14 шайлоочуга кече күнү добуш салдыртып келгенбиз, ал учурда дагы аппараттарды жылытып турганга туура келип жатты. Бүгүнкү шайлоодо мыйзам бузуулар болгон жок жана элдер чолугуп келишип шайлап жатышат. Ал эми санитардык нормаларды дагы так аткарганга аракет кылып жатабыз. Ар бир келген шайлоочуга бирден маска жана кол каптар берилип, антисептик менен колдорун жугушсуздандырып, температуралары өлчөнүп киргизилип жатышат.

Санитардык нормаларды так аткарганга аракет көрүлүп жатат
Эми баарыбыздын тилегибиз татыктуу президент тандалып, Кыргызстан өнүгүп өссө экен деп жатабыз».

Куланак: Шайлоо өз нугунда өтүп жатат
Асель Уркунбаева