Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата жалпы билим берүүчү орто мектептерде кургак учук оорусун алдын- алуу максатында бир катар иш-чаралар уюштурулду.

Окуучулар даярдаган форум театрдан үзүндү

Форум театрдагы көрүнүштөр

Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата флешмоб

Форум театрдан көрүнүш

Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Гүлмайрам Нурманбетованын айтканына таянсак, сынактын жыйынтыгында 1-орунду Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов орто мектебинин окуучусу Аделя Кубатбекова, 2-орунду Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектебинин окуучусу Айзирек Жапаралиева, 3-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Айсулуу Эмилова камсыздашты.
Ал эми орто мектептер аралык театр форум коюуда 1-орунду Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби камсыз кылды. Ал эми 2-орунга Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектеби ээ болсо, 3-орунду Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби жеңип алды.
Мындан сырткары, флешмоб өткөрүү сынагында 1-орунга Ш.Бейшеналиев, 2-орунга Э.Карасартов жана 3-орунга К.Молдобасанов орто мектептери жетишти.

Жеңүүчүлөр К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучулары
Аталган сынакка Ак-Талаа райондук ү бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Жаркын Бообекова жана ден-соолук комитетинин төрайымы Эркингүл Акматалиева демөөрчүлүк кылып, жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырышты.
Барчын Мамытбекова