Мындан 32 жыл мурун 23-сентябрда Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган кезден бери бул күн мамлекеттик деңгээлде белгиленип келет. Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы бала бакчада дагы кыргыз тили даңазаланып, кичинекей балдар майрамдык кече өткөрүштү.
Бул тууралуу маалыматты Ача-Кайыңды бала бакчасынын директору Сайрабүбү Оморова билдирди:
«Биз бул күндү жылда белгилеп келебиз, быйыл дагы жогорку тайпанын балдары даярданышып, бул күндүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилешти.

Тил майрамы гимн менен башталды
Кечени, тарбиячы Чынара Шаршеналиеванын тайпасы өткөрүп, кызыктуу номерлер менен коштолду.

Балдар кыргыз бийин бийлешип, кыргыз оюндарын көрсөтүштү

Улуттук кол күрөш оюну
Балдар жана кыздардын кыргыз бийлери коюлуп, ар кандай тил тууралуу макалдар, ырлар айтылып, жакшы маанайда өткөрдүк.

Кыздардын кыргыз бийи
Биздин тилибиздин келечеги биздин балдарыбызда эмеспи, андыктан тилди даңазалаганды бала бакчадан баштаган туура деп эсептейм».

Балдарды бала бакчадан тилди урматтоого үйрөтүү абдан маанилүү
Асель Уркунбаева