Аз күндөн соң ажайып — Жаңы жыл майрамы келет. Көптөгөн кыргызстандыктар аны үй-бүлөсү менен майрамдык дасторкон үстүндө тосушат. Конок тосууга өзгөчө көңүл бурган кыргызстандыктар бул жолку майрамда канча чыгаша кетээрин ойлонуп атышса керек. Жамааттык медианын командасы дасторконго кеткен чыгымдарды эсептеп, бюджетиңизди алдын ала пландаштырууга жардам берүү үчүн калькулятор жасады.

интернеттен алынган сүрөт
Кантип эсептедик: азык-түлүктүн баасы Улуттук статистикалык комитеттин сайтынан жана онлайн гипермаркеттин сайтынан орточо бааларды эске алуу менен алынды. Салаттардын жана тамак-аштын баасы талап кылынган азыктардын көлөмүнө жараша интернет сайттан алынган рецептердин негизинде эсептелди. Эмгекке, электр энергиясына жана майда чыгымдарга (туз, татымал, ширеңке ж.б.) кеткен чыгымдар эсепке алынган жок.
Биздин калькулятордогу азык-түлүктүн баалары үйүңүздүн жанындагы дүкөндөн, базардагы баалардан айырмаланышы мүмкүн жана Жаңы жылга жакын баалар көтөрүлөөрүн эске алыңыз.
Авторлор: Зыйнат Самар кызы, Касиет Кубанычбек кызы
Дата-редактор: Айзада Тома
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.