«Соң-Көл» орто мектебинин 3-классынын окуучусу Умар Доктурбеков ойлоп табуу иштери менен алектенет. Ал өзүнүн ой жүгүртүүсү менен ар кандай буюмдарды жасайт. Колго ар кандай нерселерди жасап келип классташтарын таң калтырат. Кол өнөрчүлүгүн өзүнүн классына алып келип көрсөтмөгө коюп коёт.

Умар Доктурбеков
Жаш ойлоп табуучу Умар Доктурбеков:
«Мен бир жолу жасап көрүп эле кызыга баштадым. Кийин жасап көрсө болот экенин билип, ар кандай авто унаа түрлөрүн жасап баштагам. Эң биринчи желим бөтөлкөдөн артында орундугу бар машина жасагам.
Ата-энем мага ар дайым жардам берет, колдойт. Скотч, картон таап берет. Керек болгон нерсемди алып берет. Пандемия учурунда бир чоң машина жасадым. Ал машина мага жагып, дагы да көп жасоону чечтим. Биз карантинде болуп окубай, онлайн убакта ушул машинамды классташтарыма көрсөткүм келген, бирок шартка байланыштуу ал убакта көрсөтө албадым. Кийин мектепке барып окуй баштаганда мектепке алып келип, эжейиме, классташтарыма көрсөттүм. Алар да аябай суктанышты. Ага банканын желим капкагы, картон, түстүү скотч керектелди. Негизи мен буларды жарабай калды деп керектөөдөн чыккан буюмдардан жасайм. Сүрөткө дагы кызыгам. Чопонун бетине да сүрөт тартып көргөм. Сабактарымды жакшы окуйм. Көбүнчө математика, кыргыз тили сабагына кызыгам. Эми сууда жүргөн моторлуу кайык жасасамбы деп жатам»,-дейт.

Умардын пандемия учурунда жасаган алгачкы эмгеги
Класс жетекчиси Мээрим Аблабек кызы: «Умар классымдагы эң жакшы окуган окуучум. Сабакка дайыма активдүү катышат. Эң биринчи машинаны жасап келген. Үйдөгү эле бош жаткан желим бөтөлкөдөн эле жасап келиптир. Ошондо талантын байкагам. Кийин өзү эле ар түрдүү нерселерди жасап келип жатты. Тапшырма берсем дароо аткарат. Оюнан чыгарып макеттерди жакшы жасайт. Окуучум менен сыймыктанам. Мен үчүн мында окуп жаткан окуучулардын ар бири таланттуу десем болот. Ушундай эмгеги менен «Улуттук адабият күнүндө» макет жасап активдүү катышкандыгы үчүн мектептин грамотасы менен сыйланган. Бул да болсо өзүнүн ийгиликтеринин бири десем болот» , -дейт.

Класс жетекчиси Мээрим Аблабекова
Атасы Тынчтыкбек Доктурбек уулу:
» Умар кичинекей кезинде эле жөндөмдүү болчу. Мен бир нерсе жасасам эле келип кармалашып калат эле. Бир нерселерди ойлоп таап жасаганга кызыгып баштаптыр. Жакында эле байкадык. Машина жасаганда кээ бир нерселерин сурайт ошондо жардам берем. Алы келбей калат, кээде күч талап кылган учурларда жардам берем. Азыр эми кичинекей нерселерди эле жасап жатат. Буюрса дагы бир пландап жаткан жакшы бир иши бар, ошол жасалып, өзү ойлогондой ишке ашса анда көлөмдүү, кыймылга ээ болгон, башкарууга болгон нерселерди жасайм деп жүрөт. Көп деле чөнтөккө күч келген оокаттарды сатып бер деп кыйнабайт, болгону клей, кагаз, скотч алып келип камсыздап беребиз», -дейт.

Атасы Тынчтыкбек Доктурбек уулу

Умардын жаңыдан баштаган кол өнөрчүлүгү
Айпери Марлес кызы