Бүгүн Төлөк айылынын тургундары жана окуучулар ишембилик кылышты. Бул демилге Каратал -Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан көтөрүлгөн.
Каратал -Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун, улуу илимий кызматкери Айнура Асанова белгилегендей, бул акция көп жылдан бери уланып келет. Ошол акциянын негизинде кызматкерлер Төлөк айылына келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бир нече алгылыктуу иштерди жасашты.
Ошондой эле буга окуучулар да активдүү катышып, айлана — чөйрөнү иретке келтиришти. Ошолордун катарындагы ишембиликтин активдүү катышуучусу 9-класстын окуучусу Эдил Абдымамытов өз оюн билдирди. Толук маалыматты төмөндөгү маектешүүдөн уга аласыздар.
Айпери Марлес кызы