Төлөк айлында 379 түтүн бар, ал эми 1908 адам жашайт. Булардын ичинен 115 үй- бүлө аз камсыз болгон үй- бүлөлөр деп аталат. Мына ошол аз камсыз үй- бүлөлөрдү калктын аярлуу катмары деп, Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык түлүк программасынын негизинде аларды ун жана суу май менен камсыз кылуу максатында чакан долбоор ишке ашты.
Долбоордун максаты аярлуу катмарды 1 ай жумуш орду менен камсыз кылып, эмгек акысына ун жана май берүү болгон. Айылдын жогору жагындагы сугат суунун арыгына суу тосмолорго муктаждыктар болуп келген, ошонун негизинде элдин көйгөйүн угуу менен долбоор жазылып, чакан грант алынып келинди. Бул грантты Кочкор райондук өнүктүрүү фондунан 350 000 сомдук долбоор менен катышып, утуп алышкан.

Жалпы 12 суу тосмо алынып келинди

Суу тосмолор 6 жерге коюлду

Аталган суммага суу тосмодон сырткары, цемент жана тактайлар алынып келинген

Суу тосмолорду орнотууда урап калган жерлер эске алынган

Жалпы 36 үй бүлөөгө ылайык жазылган долбоор болгон

36 үй бүлөөдөн бирден адам жумушка чыккан

Эмгектенгендер акы катары 3 кап ун жана 15 литр суу май алышат

Жумуш убактысы дайыма эртең менен башталып жатты

Бул суу тосмолор аркылуу 80 түтүн үй сугат суу менен камсыз болушат
Бурул Майрамбек кызы