2022-жылдын май айында Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагынын башчысы болуп Казыбек Усупов дайындалды. Ал эми буга чейин башчы болуп келген Чыңгыз Мамбеткулов Он-Арча айыл аймагына которулду.

Казыбек Усупов
Казыбек Усупов 1967-жылы Нарын районуна караштуу Миң-булак айылында туулган. 1992-жылы КУУнун тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган.
2000-жылга чейин фермерлик иш менен алектенип, 2000-2006-жылдары ВУЗ кызматкери болуп эмгектенген. 2006-2010-жылдары социалдык адис катары иштеп, 2010-жылдан тартып Миң-Булак айылындагы Сырымбет Усупов атындагы балдар бакчасынын директору болуп дайындалган. Балдар бакчасында 6 жыл эмгектенип, 2013-жылы жергиликтүү бийликтин депутаты болуп шайланган.
2016-жылдан тартып Миң-Булак айыл аймагынын башчысы болуп дайындалып, 2021-жылдын июнь айында мөөнөтү бүткөн соң ардактуу эс алууга чыккан.
2022-жылдын май айында Казан-Куйган айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды.
Казыбек Усупов эмгек жолунда ПРООН, Ага-Хан, АРИС, ж.б. масштабдуу долбоорлор менен иштешип келген. Учурда Казан-Куйган айылындагы балдар үчүн жасалуучу парктын ишин жандандырып, куруу иштерин баштаган.


Парктын айланасын коруу максатында фундамент коюуга даярдыктар көрүлүүдө
Эске сала кетсек, парктын курулушуна Алмазбек Баатырбеков демөөрчүлүк кылып, айыл элинен да өздүк салым чогулган. Учурда курулуш иштерине мектеп, бала бакчанын кызматкерлери да өз салымдарын кошууда.
Акылай Алмазбекова