Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасында тарбиялануучулар жана ата-энелер менен биргеликте «Ден соолук табылгыс байлык» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке «Жеткинчек» жана «Ынтымак» тайпаларынын балдары катышышты.
Мелдеште жаш өспүрүмдөр ата-энелери менен топ менен секирүү, жумуртканы кашык менен ташуу, баштыкча менен, секирүү, обручта секирүү, аркан тартуу тапшырмаларын аткара алышты.
Балдарды тарбиялоодо, спортко болгон кызыгуусун арттырууда, сергек жашоо образын калыптандырууда ата-эненин да ролу чоң. Мындай иш-чараларга баардык эле ата-энелер катыша бербейт, бирок өз баласы үчүн кам көрүп, баласынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ар кандай иш-чараларга катышкан ата-энелердин саны күндөн күнгө өсүүдө.
Эркеайым Замирбек кызы