Кочкор районундагы «Соң-Көл» орто мектебинде 26 окуучу бүтүп жатат. Алар кайсы кесиптин ээси болгулары келерин жана кайсы окуу жайга тапшырууну пландап жатканын билгенге аракет кылдык.

11-класстын окуучусу Адис Арслан уулу
«Мен азырынча окуу жайларды карай элекмин. Эми ЖРТынын жыйынтыгы чыкса окуу жайларды карап көрөм. Өзүмө ылайыктуусуна тапшырам. Кесип жагына келсек IT жаатына баргым келет»,- дейт Адис Арслан уулу.

Жаңыл Бекжан кызы
«Мен башынан эле кийим түгүүгө кызыгам Дизайнер болсомбу деп жатам. Мага өзүмө жагат», -дейт Жаңыл Бекжан кызы.

Тынчтык Жапаркулов
«Ар бир бала кичинекей кезинен эле милиция кызматкери болом деп кыялданса керек. Ошондой эле мен дагы кичинекей кезимден бери милиция кызматкери болууну көздөп келем», -дейт Тынчтык Жапаркулов.

Анара Бактыбек кызы
«Мен IT багытына кызыгам, себеби бул дүйнө жүзүндө жоголбой турчу кесиптердин бири. Технология өнүгүп жаткандыктан тандадым», -дейт Анара Бактыбек кызы.

Малик Абдымамытов
«Мен мекен үчүн кызмат кылып, аскерге барам андан соң аскердик кызматты аркалап, эл-жер үчүн ак кызмат өтөйм. Мекенге болгон сүйүмдү ушинтип далилдей алам деп ойлойм», -дейт Малик Абдымамытов.

Алина Талантбек кызы
«Мен Кыргыз Улуттук Университетине тапшырайын деп ойлоп жатам. Кыргыз тили филология факультетине. Келечекте Кыргыз тили жана адабият мугалими болом», -дейт Алина Талантбек кызы.

Аскар Эрлан уулу
«Мен программист болууну тандадым. Азыркы заман өнүккөнүнө байланыштуу. Азыр баары технология менен байланышкан ошол себептен программист болууну чечтим. Бул кесип өзүмө дагы жагат», -дейт Аскар Эрлан уулу.

Назик Максат кызы
«Мен келечекте англис тилинен котормочу болоюн деп чечтим. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине тапшырайын деп жатам», -дейт Назик Максат кызы.
Кесипти туура тандоо — эртеңки сенин келечегиң
Кесипти жүрөгүңүз менен тандаңыз
Айпери Марлес кызы