«Соң-Көл» айыл аймагынын Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу» долбоору Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, АРИСтин айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Долбоор аркылуу мектептин бардык эшик терезелери алмаштырылып, мектептин алдына навес курулган. Долбоор менен жеринде таанышуу үчүн жана коомчулук менен баарлашып, алардын көйгөйүн, ойлорун, идеаларын угуу үчүн Дүйнөлүк Банктын өкүлү Одри Сакс айым Төлөк айылына келип, коомчулук менен жолугушту.

Төлөк айылынын тургундары Одри айымды эшиктин алдын да улуттук тамак болгон боорсок, каймак, курут менен тосуп алышты

Кыргыз бийин тартуулашты

Андан соң тургундар менен болгон чогулуш башталды

«Соң-Көл» айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн катчысы Эркинтоо Сулайманов алгы сөздү алып чогулушту ачык деп жарыялады

Одри Сакс айымга Төлөк айылы тууралуу жалпы маалыматты Айыл Кеңештин депутаты Салтанат Абласова тааныштырды

Одри Сакс айым менен атайын котормочу аркылуу маек жүрдү

Айыл өкмөтү жана «Соң-Көл» орто мектеби тарабынан ыраазычылык кат ыйгарылды

Эстеликке кыргыздын боз үйүн белек кылышты

Одри Сакс берген суроолорго айыл тургундары жигердүү жооп беришти

Айыл тургундары өздөрүнүн сунуштарын айтышты. Жыйналыш маектешүү менен соңуна чыкты.
Айпери Марлесова