Ноокат районунун Т.Айбашев атындагы орто мектебинде карыялар күнүнө карата ардагерлер сыйланды. Жалпысынан 25 ардагер келип аларга концерттик кече уюштурулду.

Ардагер мугалимдер

Мамат Кожоев
Т.Айбашев атындагы орто мектебинин 1975 — жылдагы кыргыз тил жана адабияты мугалими Мамат Кожоев сый кечеге катышып, ыраазычылыгын билдирди. Мамат Кожоев бул мектепте 14 жыл эмгектенген, ал эми азыркы учурда Ноокат районунда редактор жана обончу болуп эмгектенип келет.

Ырдап жаткан окуучу

Замира Нурдинова
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин директору Замира Нурдинова: » 1-октябрь карыялар күнү деп жыл сайын белгиленип келет, аны менен катар 5-октябрь мугалимдер күнү. Эки майрамды бириктирип, эс алуудагы 25 ардагер мугалимдерди чакырып алардын маанайын көтөрүп, бири-бири менен баарлаштырып, иштеген мектебин кайрадан көрүүсүн туура көрдүк. Мындан ары да биздин муундар салтка айлантып мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүп, сый урмат көрсөтүп жүрүүсүн кааладык», — деп билдирди.
Сый кечеге чакырылган мугалимдер Т. Айбашев мектебинде 70-80-жылдары иштеп келишкен.
Жумагүл Көчкөнбаева