Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарындагы сел жүргөн чөлкөмдөрдү калыбына келтирилүүдө. Тактап айтканда, Шырдакбектин сайындагы суу түтүктөрүнүн тирөөчтөрү бекемделип, тазалоо иштери жүрүүдө.

Муниципалдык ишкананын жана жеке жактардын техникалары тартылды


Шырдакбектин сайындагы суу түтүгүнүн тирөөчтөрү бекемделди

Аталган айыл аймагынын социалдык башкы адиси Айнура Медетованын маалыматында тазалоо, калыбына келтирүү иштери үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, муниципалдык ишкананын жана жеке тургундардын техникалары тартылды.
“Бюджетте өзгөчө кырдаалдар үчүн атайын каражат бар. Ошого 220 литр күйүүчү май сатылып келинди. Табият кырсыктарын алдын алуу үчүн сайдын жээктерин атайын тор менен тосуу (габион сетка) аракеттери көрүлөт. Тордун ичине таш салынып, дамба сыяктуу тосулат. Антпесе сел каптаса кайра эле жээктерди алып кетүү коркунучу жаралат”, — дейт Айнура Медетова.

Эске салсак, 23-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам аталган айыл аймактын Карды-Жарык чөлкөмүндө сел жүрүп, 1 га аянттагы 250 боо таңгакталган чөптү жана 4 га айдоо аянтын суу каптаган.
Барчын Мамытбекова