Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн сел жүргөн аймагы Абшыр-Ата айылынын тургундарына жалпысынан 517150 сом акча жардам көрсөтүлдү. Селден оор жабыр тарткан 12 үй-бүлөгө 500000 сомдон берилип, калган 17150 каражат Абшыр-Ата айылдык фондуна тапшырылды. Меценат, коомдук ишмер Махабат Мавлянова баш болгон 21 жаран жардам берген. Тапшырууну айылдын комиссия мүчөлөрү: Абдырахман Матанов, Рашит Исраилов, Нурлес Жаңыбаев жана Абсатар Эшимбаев биргеликте тапшырды.

Айыл тургундарына таратылып жаткан акчалар

Айыл тургундарына таратылып жаткан акчалар

Жалпы 21 жарандын, селден жабыр тарткан тургандарга кайрымдуулук кылган акчасы 517150 сом
Абшыр-Ата айылынын тургуну Абдыманнап Бактыбаев:

Абдыманнап Бактыбаев
«Өзүңүздөр билгендей эле июнь айында өтө катуу сел болуп, сел короолорубузу, бак дарактарыбызды бузуп кеткен. Бизге жакындан жардам көрсөткан Махабат карындашыбызга жана 21 жаранга терең ыраазычылыгмды билдиремин. Бизге берсе Кудайым аларга эки эселеп берсин. Үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден соолук каалайм. Элибизде, жерибизде ар дайым тынчтык болсун. Мындай апаттуу окуялар эч качан болбосун.» -деп билдирди.

Айыл тургундарына таратылып жаткан акчалар

Айыл тургундарына таратылып жаткан акчалар

Айыл тургундарына таратылып жаткан акчалар

Жардамга кол сунган жарандардын, аманат акчасын берген комиссия мүчөлөрү
Даярдаган: Көчкөнбаева Жумагүл Абсатаровна