«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде “Аталардын орду” деген тема талкууланды.
Айымдар бул эфирде атанын үй-бүлөдөн тарта өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, таасири жана орду жөнүндө өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.
“Кыйындын”катышуучулары:
Атаканова Нурайым — Ноокат району Исанов айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчы;
Айсулуу Мойдунова — Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча башка адиси;
Айжамал Халмамат кызы — IT- адис.
Модератор —Кайыргүл Урумканова. Эфирди төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.
«Эң күчтүү акылдуу атадан күчтүү бала, ал эми күчтүү баладан күчтүү мамлекет түзүлөт», — деген Нурайым Атаканова, учурдагы айрым аталар өзүнө таандык болгон жоопкерчиликтен качып жатканы коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдүн себеби экенин кошумчалады.
«Ата болуш үчүн жогорку билимди бүтүштүн кереги жок, ата болуш үчүн эң жогорку аң-сезим керек. Ата бул түшүнүү менен гана мамиле кылбаса, ал үй-бүлөсү үчүн бош орун болуп саналат. «Эң күчтүү акылдуу атадан күчтүү бала, ал эми күчтүү баладан күчтүү мамлекет түзүлөт» дейт да. Демек, биз ушундан билишибиз керек, атанын орду канчалык деңгээлде жогору экендигин. Атаны биз аска-тоо деп билишибиз керек. Бала анын көлөкөсундө турат. Негизи ата бул бүтүндөй мамлекетибиздин түпкү бир түркөгү десек болот. Бирок, азыркы күндө ошол нерсени кээ бир аталарыбыз сезбей келет, анткени өзүндөгү жоопкерчиликти алып салган. Бүт эле жоопкерчиликти назик мээримге өткөрүп берип салды, ошол үчүн үйдөгү толук кандуу тарбия, билим жеткиликтүү болбогондуктан коомдогу азыркы көйгөйлөр чыгып келет», — деди ал.
Сөзгө кошулган Айжамал Халмамат кызы үй-бүлөдөгү атанын ролун арттырууда апанын салымы көп экенин айтат. «Бала чакта апам, «үй жыйнап койгула, атаңар келе жатат» дегенде ушунчалык аракет кылып үйдү жыйнап турчу элек. Муну менен апабыз атабыздын улуктугун, сыйлуулугун көрсөтүп жатат десек болот», — дейт ал.
Талкуу маалында Айсулуу Мойдунова атанын коомдогу орду чоң экенин айтпаса да белгилүү экенин белгилөө менен айрым учурда өз милдетин так аткарбаган аталардын келечекке терс таасири чоң экенин айтты.
«Азыркы коомдо чынында аталардын терс жактарын айта турган болсок, айрым бир аталар өзүнүн көп кемчиликтери бар экенин сезиши керек. Мисалы үй-бүлөнүн камкордугун, жашоо тиричилигинин өз мойнуна алуудан качкан аталар, ажырашып кетип алимент төлөбөй койгон аталар бар. Ушундай аталардан балдарга болгон сый-урматтын кетип жаткан учуру болуп жатат. Атаны көрүп бала тарбияланат деп жатпайбызбы, демек атага болгон баланын сезими өчөт, психологиялык жактан балага терс таасири тиет», — дейт ал.