КРсынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, республикада кызамык күч алган күз-кыш мезгилинен кийин оорунун көрсөткүчү туруктуу түрдө төмөндөп келатканы байкалууда.Жыл башынан тарта 15-июлга чейин республикада кызамык оорусунун тастыкталган 8672 учуру катталды. Бирок июнда эпидемиологиялык кырдаал оңоло баштады: жаңы катталган учурлардын саны акырындык менен азайып жатат. 1-июлдан 15-июлга чейин кызамык оорусунун тастыкталган 109 учуру катталды.

Белгилей кетсек, республикада кызамыктын тамыр жайышына жооп катары өнөктүк өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 1 миллионго чейин бала эмделди. Бул масштабдуу иштин алкагында көптөгөн балдардын өмүрүн сактап калып, оор кесепеттердин алдын алууга мүмкүн болду. Кызамык оорусунун бүгүнкү күндөгү деңгээли өткөрүлгөн өнөктүктүн натыйжалуулугун даана көрсөтүп, калктын саламаттыгын коргоо үчүн алдын алуу чараларын өз убагында жүргүзүү канчалык маанилүү болгонун тастыктап турат.
2025-жылдын июль айына карата оорунун динамикасы.
• Бишкек шаары – 58 учур.
• Ош шаары – 9 учур.
• Баткен облусунда – 6 учур.
• Жалал-Абад облусунда – 1 учур.
• Ысык-Көл облусу – 2 учур.
• Нарын облусу – 4 учур.
• Ош облусунда – 10 учур.
• Талас облусу – 7 учур.
• Чүй облусу – 12 учур.
Декабрдан мартка чейин оору күч алганы байкалган, буга кызамык вирусунун жайылуусу үчүн жагымдуу аба ырайынын шарттары себепчи болду, бирок июндан тарта ооругандардын саны туруктуу түрдө төмөндөй баштады. Оору көбүнчө кенже курактагы балдар арасында катталып жатат. Ооругандардын 85 пайыздан ашыгы 14 жашка чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. Оорунун эң көп саны төмөнкүлөрдүн арасында катталды:
• бир жашка чыга элек балдар – 2646 учур (31%),
• 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагы балдар – 3254 учур (38%),
• 5 жаштан 9 жашка чейинки курактагы балдар – 1393 учур (16%).
Бул маалыматтар өзгөчө эрте куракта өз убагында эмдөө зарыл экенин көрсөтүп турат, себеби дал ушул балдар вирустун алдында аяр абалда калууда.
Оорунун мындай көп болушуна эмдөөнүн төмөн деңгээли себеп болууда. Талдоо көрсөткөндөй, ооругандардын 94% вакцина алган эмес. Алардын ичинен:
• (44%) – бул ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар;
• 31% – жаш курагына байланыштуу эмдөөдөн өтө элек балдар,
• 8% – медициналык себептерден улам эмдөөдөн бошотулгандар.
Бул сандар кызамык биринчи кезекте вакцина менен корголбогондорго жугуп жатканын тастыктоодо. Ошондуктан, дарыгерлер эмдөө – бул жөн гана тандоо эмес, бул балдардын жана жалпы эле өлкөнүн ден соолугун коргоо үчүн зарылчылык экенин баса белгилешүүдө.
“Учурдагы төмөндөө бүтүндөй саламаттыкты сактоо системасынын жигердүү күч-аракетинин жыйынтыгы. Бирок жаңы эпидемияларды болтурбоо үчүн эмдөөнүн масштабын кеңейтип, жамааттык иммунитетти түзүш керек”, — деп белгилейт Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.
Саламаттыкты сактоо министрлиги ата-энелерди жана бардык жарандарды эмдөөнү кийинкиге калтырбоого үндөйт. Кызамыкка каршы эмдөө улуттук календарга киргизилген жана бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде акысыз жүргүзүлөт.
Эмдөө-илдетти алдын-алуунун натыйжалуу ыкмасы
Вакцинанын пайдасы бир адамга гана эмес, жалпы коомго да тиешелүү