Ак-Талаа районундагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин айланасын тосмолоо иштери жүрүүдө.

Баетов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын айтымында, аталган орто мектептин айланасын тосуу үчүн 2024-жылдын аягында жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом бөлүнүп, керектүү курулуш материалдарын сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланып, сынактын негизинде жеке ишкер Айдар Бектуров курулуш материалдарын алып келип берген.

Мектептин айанасын тосулуп жатат

Курулуш материалдары
Ал эми тосуу жумушу үчүн 2025-жылы жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом каралып, сынактын негизинде 349 миң сомго «Элит Групп» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, тосуу иштерин аткарууда.
Барчын Мамытбекова