Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарына салынуучу «Падышалар Өрөөнү» аттуу тарыхый-маданий этнокомплексинин архитектуралык долбоору эл аралык деңгээлде жогорку баага ээ болду.

Бишкек шаарында өткөн “XXI кылымдагы заманбап архитектурадагы этникалык идентүүлүк мотивдерин издөө” аттуу эл аралык илимий-чыгармачылык конференцияда жана конкурсунун алкагында аталган долбоор 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Конференция Академик Дүйшөн Омуралиевдин 75 жылдыгына арналган.
Долбоордун авторлор тобу төмөнкү архитекторлордон турат:
— Кубанычбеков А.,
— Омуралиев Д.Д.,
— Амыркулов М.Б.,
— Эшимбаев М.,
— Омурбек уулу Ж.

Бул этнопарк Токтогул шаарынын борборунда курулуп, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн даңазалаган ири маданий объект болору күтүлүүдө.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев архитектуралык топту жеңиши менен куттуктап, бул долбоор Токтогулдун туризмин жана маданий мурастарын өнүктүрүүгө зор салым кошоорун белгиледи.

Бул жетишкендик — жергиликтүү архитекторлордун эмгегинин, чыгармачылыгынын жана мекенге болгон сүйүүсүнүн жыйынтыгы.
Даярдаган: Азема Кудуева