Токтогул шаарында ири инфраструктуралык долбоор ишке ашууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондусунун каржылоосу менен шаардын жол жана тротуар тармагын толугу менен жаңылоо башталды. Жалпы суммасы 436,8 миллион сомду түзгөн бул демилге Токтогулдун тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болуп эсептелет.

40 көчө — 32,3 чакырым жаңы жол
Долбоордун алкагында шаардагы жалпы 40 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 32,3 чакырым жаңы жол төшөлөт. Бул 207 миң чарчы метрден ашуун асфальт төшөө дегенди түшүндүрөт. Эски жолдор жаңыланып, шаар тургундары үчүн кыймыл-аракет коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

🚶 Жөө жүргүнчүлөр үчүн 17,3 чакырым тротуар
Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу да четте калган жок. Жалпы 17 көчөгө жаңы тротуарлар курулат. Узундугу 17,39 чакырым, жалпы аянты 17 392 чарчы метрди түзгөн тротуарлар шаар ичинде жөө басуу маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Бул долбоор Токтогул шаарынын келечеги үчүн маанилүү кадам болуп, тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга жана шаар келбетин жакшыртууга чоң салым кошот.
Даярдаган: Азема Кудуева.